1-сентябрдан тартып мектептерде окуу жуманын башында жана аягында гимн жаңырат

1-сентябрдан баштап, Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу максатында, балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча Усулдук сунуштар бекиди», — деп айтылат маалыматта.