1-январдан 8-январга чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды

2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Бул чечим дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындан улам жана Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн: