«Президентинин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВт/сааттан ашса, тариф 2,16 сом деңгээлинде сакталат. Учурда энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттүү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн Министрлер кабинетине жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...











