1-январдан тарта Баткенде айрым айылдардын аталышы өзгөртүлдү

Президент Садыр Жапаровдун «Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамы 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирип, Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аталышы өзгөртүлдү.
Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:
— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп;
— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;
— Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп;
— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп;
— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп;
— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;
— Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы деп кайра аталды.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө жана жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга багытталган.