1-январдан тартып 110 миң үй-бүлө үчүн электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга түшөт

1-январдан тартып 110 миң үй-бүлө үчүн электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга түшөт. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Коопсуздук кеңешинин жыйынында берди.

Ал белгилегендей, баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү зарыл. «Азыр баары кымбат. Бизде 110 миң 518 үй-бүлө колдоого муктаж. 1-январдан тарта электр энергиясына тарифтерди арзандатуу керек. Калган 27 тыйынга бюджеттен дотация берилет. Азыр аларда буудай, ун болсо керек. Жаңы жылдан баштап аларга кумшекер, май таратышыбыз керек», — деди ал.