10-11-сентябрда Кыргызстандын аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба- унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.