«10 жылдан ашуун убакыт чек ара кайтарды». Чек арадагы атышууда 42 жаштагы Орозов Баатырбек көз жумду

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 42 жаштагы Баатырбек Орозов көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун классташтары билдиришти.

«Бир нече жылдан бери Баткен чек арасын кайтарган классташым Баатырбектин окко учканын угуп, кабыргабыз кайышып калды. 11 жыл бир партада отурганбыз. Чек арада кызмат өтөгөнүнө 10 жылдан ашкан. Учурунда ал президент Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык алып жүргөн азамат болчу»,- деп эскерди классташы.