«Миң адам дагы жумушсуз калат». Түнкү көңүл ачуучу жайдын ээлери чектөөгө каршылык билдиришти

Бишкектеги түнкү көңүл ачуучу жайлардын ээлери Бишкек мэриясы менен Саламаттыкты сактоо министрлиги киргизген чектөөлөргө каршы петиция жарыялашты. Алардын айтымында, мындай чектөөлөр былтыркы жылдагыдай ресторан бизнесине зыян келтирет.

«Түнкү көңүл ачуучу жайлардын ишине киргизилген чектөөлөргө каршыбыз. Бишкек мэриясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги ресторан бизнесине кайрадан былтыркыдай зыян келтириши мүмкүн экендигин түшүнүшпөйт жана шаардын миңдей тургуну дагы жумушсуз калат. Биздин өлкө оор мезгилге туш болду, эмне үчүн аны ого бетер оорлотуп жатат? Бардык кызматкерлерди, ишкерлерди жана ресторан бизнеси менен байланышы бар адамдарды ушул жарлыкты жокко чыгаруу боюнча кайрылууга кол коюуга чакырам», — деп жазылат петицияда. 

Кечээ, 16-июнда комиссия Бишкекте жайгашкан көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдар, кафе-ресторандар, караоке, барлар, коомдук тамактануу жайлар) иштөө убактысын бүгүнкү күндөн тарта саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө чечимин кабыл алган.