11-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майында Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
“Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз “112” номерине чалып билдириңиз”,- деп айтылат маалыматта.










