11-марттан 13-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымында (Долон ашуусу);
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу️ унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;
Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.
Жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.