11-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт
“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 11-апрелде саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрү, Рабочий городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушу.
Өчүрүү «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.