“11 аскер жаракат алып, ооруканада”. Ташиев чек арадагы кырдаал боюнча маалымат берди

Баткенге барган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы абал тууралуу суроолорго жооп берди.

“Чек арадагы жаңжалга байланыштуу атайын штаб түзүлгөн. Ага бардык мекеме, ведомстволор, айрыкча күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кирди. Алар менен чогулуп, жыйын кылабыз. Ал эми саат 11де тажик тарап менен сүйлөшүү жүрөт. Болуп жаткан окуялардын баары түнү менен президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болду. Азыр да түз байланыштабыз”, — деди ал.

Ошондой эле жаңжалдан жабыр тарткандар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“Тилекке жараша тургундар жана аскер кызматкерлери арасында жоготуулар болгон жок. 11 аскер кызматкери жаракат алып, азыр ооруканада. Азыр абал салыштырмалуу туруктуу. Тажик тарап менен жолуккан соң толук маалымат беребиз”, — деди Ташиев.