Эртең, 11-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Нарыноблусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус болот.