Эртең, 11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +5…+10;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +13…+15 градуска жетет.