1200 мектепке кийинки айдын аягына чейин компьютердик жабдуулар жеткирилет

Билим берүү жана илим министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүүнү баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда. Жабдуулардын комплектине төмөнкүлөр кирет: 21 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана 1 көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер). Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалды. “Келечек үчүн билим берүү” долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.