13-15-март күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

13-15-март күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин аба ырайын маалымдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Доороновага шилтеме берип Акипресс жазды.

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

13-мартта күндүз жана 14-15-мартта абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1…+4° жылуу;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3…+2° суук;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2° суук, күндүз 4…9° жылуу;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3…+2° жылуу;

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° чейин;

— республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7°, күндүз -4…+1° суук;

— республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° чейин;

— Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° болот.