Эртең, 13-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус жылуу болушу күтүлөт.