Эртең, 13-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан-чачын болушу ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Талас дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +2…+7; күндүз +18… +23.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус болот.