14-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 14-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;

Жалал-Абад, Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1…+1 градус болот.