Эртең, 14-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус.