15-февралда Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана Чүй облусунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Североэлектро” ЖЧКсынын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул электр тармактарын пландуу тейлөөгө байланыштуу.
Жарык өчүрүлүүчү аймактар:
Чыгыш РЭС:
Саат 09:30-17:00 аралыгында
- Курманалиев, Жибек Жолу проспектиси, Чебоксарская жана Адыр көчөлөрү
- 9- кичи район №1, 2, 4 үйлөрдө
- Ялтинская, Муса Жалил, Веселая, Садовой, Кантемировской жана Салиевой көчөлөрүндө
10:00-17:00 аралыгында
- Дзержинская, Советская, Ахунбаев, Бектенов, жана Тобольская көчөлөрүндө
09:30-15:00 аралыгында
- Курманджан Датка, Салиев жана Ялтинская
Батыш РЭС:
09:30-17:30 аралыгында
- «Арча-Бешик» конушу (Чатыр-Коль, Репина, Сулуу-Тор жана Эр-Тайлак көчөлөрү)
13:00-17:00 аралыгында
- Турусбеков, Ташкентская, Жибек Жолу проспектиси жана Жумабека көчөлөрүндө