Эртең, 15-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9; күндүз +22…+27;
Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градуска чейин ысык болот.