Дүйшөмбү, 26.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C

Кыргызстандык киберспортчулар Румынияда 40 миң доллар жеңип алышты

Киберспорт (PUBG Mobile) түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын компьютердик Спорт федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандыктар 16 команданы утуп, 40 миң доллар жеңип алышты. Турнир Румынияда 24-августтан 4-сентябрга чейин уланат. Кыргыз курама командасындагы оюнчулар: Дияр Осмонов, Байтур Курманбеков, Бекнияз Рысалиев жана Антон Генцельман.

Бул турнирде Кыргызстан жалпысынан төрт дисциплинада оюн көрсөткөн. Алар: PUBG Mobile, Dota 2, eFootball 2023 жана Tekken 7.

Dota 2 курама командасы 3-орунду ээлеп, 20 миң доллар утушка ээ болгон. Бул командада Бакыт Эмилжанов, Кыялбек Тайиров, Руслан Темиралиев, Евгений Ри жана Бектур Кулов ойношкон.

Жалгыздан оюн көрсөтүүдө eFootball 2023 жана Tekken 7 командаларынын оюнчулары жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, бирок топтон чыга алышкан эмес.

IESF (World Esports Championship) — дүйнө жүзү боюнча киберспорт түрүн өнүктүрүүнү колго алган эл аралык киберспорт федерациясы. Алар 2009-жылдан баштап ар кандай видео оюндар боюнча  мелдештерди жана турнирлерди өткөрүп келишет.

Окшош

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова  48 жаш каза болду. Бул тууралуу маркум жетектеген фонд билдирди. Маалыматка...

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Маалыматка ылайык, JAC-T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа,...

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Буга чейин борборду Талант...

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.