Мелис Эржигитов: "Жылуулук насосун коюп жыргап эле калдым"
Мелис Эржигитов «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында КР Финансы министрлигинин кредиттик линиясы аркылуу 1 млн сом жеңилдетилген насыя алып, үйүнө жылуулук насосун жана күн панелдерин орноткон.
Эмне үчүн ал ушул технологияларды тандады? Жабдууларды сатып алуу жана орнотуу кандай өттү? Мелистин тажрыйбасы тууралуу видеодон көрүңүз.
Сиз да үйүңүздүн жылытуу системасын жаңылоону пландап жатсаңыз, жылдык 6% үстөк менен, 5 жылга чейин, 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Насыя Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун тургундары үчүн каралган. Толук маалымат алуу үчүн «Элдик Банк», «АБанк» же «Бакай Банкка» кайрылыңыз.
Насыя алуу тууралуу кененирээк маалыматты өнөктөш банктардан билсеңиз болот:
АБанк — 5511
Элдик Банк — 9111
Бакай Банк — 6111
БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТАРЫ:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Бишкек ш., Чүй проспекти, 114, 401-кабинет
📧 office@piu.kg | a.akmatov@piu.kg
📞 +996 506 667 676