Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалым болгондой, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган. Экспертизанын жыйынтыгында өз өмүрүнө кол салган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталган. Ал Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, соңку убакытта Ош шаарында жашап жаткан. Ал эми апасы Орусияда эмгек мигранты болуп иштеп жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө.
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат
Бишкек шаарында бүгүн, 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы...









