16900 адам. Кыргызстандагы гейлердин саны Жогорку Кеңеште айтылды

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргыз Республикасына бөлүнгөн гранттык каражаттар жөнүндө маалымат угулду.

Мага 4-пункт боюнча түшүндүрмө берип коюңузчу. Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн профилактикалык чараларга деп 884 миң доллар каралыптыр, бул 78 миллион сомду түзөт. Тилим барбай жатат. Ошондой адамдарды 78 миллион сом эмне кылат? Шарт түзүп беришеби? — деп сурады депутат Мейкинбек Абдалиев.
Глобалдык фонд акча берерде өз талаптарын жөнөтөт. Аярлуу топтордун арасында 50 пайызга чейин каражатты короткула деп. Ошолордун ичинде эркек менен эркектин ортосундагы жыныстык катнашка болгон адамдардын арасында профилактика жүргүзгүлө дешет. Презерватив таратуу, маалымат берүү болот, — деди СПИД республикалык борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов.
Бизде ошондой адамдардан канчоо бар? — деп сурады депутат.
Кыргызстанда болжолдуу 16 миң 900 адам бар. Алардын 10 пайыздан ашууну ВИЧ илдетин алып жүрөт, — деди директордун орун басары.