Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Адинай Асаналиева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 18-майда милицияга жаран кайрылып, анын кызын 2004-жылы туулган Адинай Асаналиеваны табууга көмөктөшүүнү суранган. Издөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын жакындары кайрылышып, анын 16-майда Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын, ошол бойдон телефону өчүк болуп жатканын айтышкан. Эгерде сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, +996 505 975 795, +996 550 888 079 номурларына кайрылсаңыздар болот.