17-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.