Өлкө боюнча 111 авариялык мектеп бар
Бүгүн, 13-октябрдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу баяндама жасап, республикалык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу учурунда депутат Улан Сариев жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо үчүн бюджетте субсидияларды жана башка жеңилдиктерди карап чыгуу керектигин билдирип, альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу өлкөнүн экономикасы жана экологиясы үчүн чоң мааниге ээ экенин жүйө келтирди.
Депутат Чынгыз Ажибаев аймактарды таза ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу керектигин айтып, бул максатта айылдарда скважиналарды бургулоо маселесине көңүл бурду. Муну менен катар авариялык абалда деп табылган мектептердин ордуна канча жаңы имарат куруу пландалып жатканына кызыкты. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев белгилегендей, өлкө боюнча 111 авариялык мектеп аныкталып, аларды жаңылоо боюнча иштерди 2028-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Депутат Акылбек Түмөнбаев административдик-аймактык реформанын жыйынтыктарына, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын канчасы дотацияда турганына кызыкты. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Жантаев бул багытта оң динамика байкалып жатканын белгилеп, дотацияда турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көрсөткүчү 51 пайызды түзөрүн маалымдады. Өз кезегинде депутат Мирлан Жеенчороев калктын жан башына эсептелген ички дүң продуктунун (ИДП) болжолдуу көрсөткүчтөрүнө кызыгып, учурда бул көрсөткүч 3080 АКШ долларын түзөрүн айтты. Баяндамачынын маалыматына ылайык, 2029-жылга карата калктын жан башына эсептелген ИДП 5034 АКШ долларына жетери болжолдонууда.
Комитет төрайымы Гульнара Акимбаева административдик-аймактык реформанын алкагында ирилештирилген конуштарды каржылоо маселесин көтөрүп, ошондой эле жарандардын билим алууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруу маселесин ортого салды.