"170 миң сомго жасаткан мурдум кыйшык болуп калды" дейт пластикалык операциянын курмандыгы болгон кыз
SuperTV телеканалына Бишкектеги клиникалардын биринде пластикалык операция жасатып, бирок жыйынтыгына нааразы болгон кыздар кайрылышты. Бири 170 миң сом, экинчиси 100 миң сом төлөп, учурда күзгүгө каранган сайын ыйлап жатышканын айтышат.
"Бир клиникадан чыгып бара жатып, жанымдагы кыз менен таанышып калдым. Мен ал клиникага мурдумду жасатайын деп баргам. Ал дарыгерди мен соцтармактан 5 жылдан бери көрчүмүн. Ал жактагы иштери жакшы эле болчу. Операция ушул жылдын июль айында болду. 7-8 дарыгер кирип, 2 сааттай болду. 10 күндөн кийин мурдумду көрдүм. Кыйшык болуп калыптыр. Биринчи шишик болуп турганда мага жаккан. Дагы пластырь чаптап берип, 10 күндөн кийин келишим керектигин айтты. Мен келдим, анда өзү жок экен. Жардамчылары алды. Мен аларга мурдум кыйшык болуп калганын айттым. 1-августта кайра бардым. Мени жаман кабыл алды. "Сиздин бетиңиз кыйшык, ошол үчүн кыйшык болуп калды" деди. Мен 170 миң сом кетирдим", - деди ал.