Эртең, 18-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,
Баткен, Ош, Жалал-абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус ысык болот.