18-октябрдан баштап жаңы автобустук каттамдар линияга кирет

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, 18-октябрда дагы 30 автобус линияга чыгат. Автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча каттайт.

Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен «Эко жүргүнчүлөр ташуу» компаниясы тарабынан иштелип чыкты. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын талабы боюнча муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» жеке компаниясына тейлөө үчүн өткөрүп берилди.

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат:

— № 21 каттам: Биримдик конушу — Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу;

— №46 каттам: Дордой базары — Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;

— №34 каттам: Шоро фирмасы — Жеңиш конушу, каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.