«ИИМ кызматкерлери тарабынан УКМКнын башкармалыктарынын биринин башчысынын орун басары кармалганы, ошондой эле УКМК тарабынан ички иштер органдарынын кызмат адамдары кармалганы коомдо эки күч түзүмүнүн ортосунда «согуш» башталды деген кептердин чыгышына себеп болду». Бул тууралуу экс-депутат Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Дароо эле арзан сенсация издегендерди көңүлүңүздөрдү калтыра кетейин: эч кандай «согуш» жок жана болушу да мүмкүн эмес.
Биринчиден, ким болбосун адамга карата кылмыш тууралуу маалымат түшсө, укук коргоо органдары анын кызмат ордуна, наамына же кайсы түзүмгө тиешелүү экенине карабай, мыйзам чегинде аракет кылууга милдеттүү. Айрым гана категориядагы адамдарга — мисалы, судьяларга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына — мыйзам боюнча өзгөчө тартип каралган (кылмыш үстүндө кармалган учурдан тышкары).
ИИМ менен УКМК кызматкерлери «кол тийилбес» адамдардын катарына кирбейт. Эгер кылмыш тууралуу маалымат ушул органдардын бирине түшсө, алар чара көрүүгө милдеттүү. Болбосо бул кызматтык милдетти аткарбоо же кылмышты жашыруу болуп эсептелет.
Иш жүзүндө ИИМ менен УКМК көп учурда биргелешип аракет кылат. Ачык булактардан көрүнүп тургандай, кызматкерлерди кармоо көп учурда чогуу жүргүзүлөт — бул объективдүүлүккө шек жаратпашы үчүн. Айрым учурларда гана чечимдер шашылыш, «ысык изи» менен кабыл алынат, анткени кечигүү далилдердин жок болушуна, шектүүнүн качып кетишине же операциянын үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн.
Экинчиден, күч түзүмдөрүнүн аракеттерине акыркы бааны алардын өздөрү эмес, прокуратура жана сот берет. Прокуратура мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөйт, ал эми акыркы чечимди сот чыгарат. Бул — маселе ведомстволор аралык тиреш эмес, укуктук процесс экенинин негизги белгиси.
Акырында эң башкысы: ИИМ да, УКМК да Кыргыз Республикасынын Президенти — Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысынын талабына ылайык, өз катарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш кылган, форманы уят кылган адамдардан тазалоого милдеттүү. «Погончон кылмышкерлерге» каршы күрөш жогорку кызмат же наам үчүн токтоп калбашы керек.
Тескерисинче, кызмат канчалык жогору болсо, жоопкерчилик да ошончолук чоң болушу зарыл.
Демек, болуп жаткан окуялар — бул эки түзүмдүн ортосундагы «согуш» эмес, мыйзам баарына бирдей экенин көрсөткөн көрүнүш. Бүгүнкү күндө жүрүп жаткан катуу жана принципиалдуу тазалоо иштери фамилиясына, кызматына же кайсы түзүмгө таандык экенине карабай жүргүзүлүүдө», — деп жазылат саясатчынын билдирүүсүндө.






