18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+25.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, эртең күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +25…+27 градус болот.