19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев соттун чечими менен окуусуна кайтты

Өткөн жылдын август айында 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийин ал окуусунан да чыгарылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги  Ырыс Жекшеналиев менен байланышканыбызда, соттук иш 4 айга созулганын айтты. «Соттук процесс 4 айга созулду, жөнөкөй маселени 2 соттук отурум менен чечишти. Мындай чечимди бачым кабыл алышы зарыл эле. Бирок мунусуна да рахмат. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында Юриспруденциянын граждандык укук багытынын 2-курсунда окуп жаткам. Буга чейин энергетика багытын бүтүргөм», — деди ал.

Ал ошондой эле соцтармактагы баракчасына «Дипломду сатып алса болот, ал эми тажрыйбаны — жок» деп ар дайым айтып келем» деп жазды.