19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев: «Апам мага «мен ыйлабайм, сен чыкканда сүйүнүчтөн гана ыйлайм» деди»

Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карады.

«Тиги киши келип айтыптыр монтаждалган деп. Анда кана оригиналы? Жок да. Мен ойлонуп жатам, мени кармагандан упай топтогон жок. Мени ушул жерден чыгарып коюшса, пайда табат эле. Мени апамдын жакшы сөзү кармап турат да. «Ырыс, мен ыйлабайм, сен чыкканда сүйүнүчтөн гана ыйлайм» деди апам», — деди ал.

Соттун чечими менен  Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды.