«2 айдан бери 5 балам менен талаада чатырда жашап жатам» деген келин жардам сурайт

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 30 жаштагы келин кайрылып, 2 айдан бери талаада чатырда 5 баласы менен күн кечирип жатканын айтып, жардам сурап кайрылды.

«Жолдошум 2022-жылдын декабрь айында жол кырсыгынан каза болгон. Учурда жалгыз 3 кыз, 2 уулду тарбиялап жатам. Жолдошум каза болгон соң, кайненем 900 сом карматып, «өз оокатыңарды кылгыла» деген. Абысыным менен бир үйдө турчубуз. Алар азык-түлүк алат, мен иштебейм, акча жок, балдарым алар жасаган нандан жешчү. Анан абысыным сүйлөнүп, үйдө чатак болчу. Ошол нерсеге кайненем чыдабай турганын айтып, «өз балдарыңды өзүң бак» деди. Менин ата-энем, жакындарым жок. Башында батирде жашап жүрдүк. Мен талаа иштерине чыгып, акча тапчумун. Акыркы 3 ай аба ырайына байланыштуу жумуш жок болуп, акча төлөй албай калсам, ээси мен жокто кийимдеримди чыгарып коюптур. Анан жашаганга жер жок, талаада жер ээси берген чатырда жашап жатам. Кичүү уулум 1,5 жашта. Өзүм эмчектин рагы менен ооруйм. Ага сүт бере албайм. Сатылма сүткө акчам жок, уулум арыктап да кетти. Балдарым да ооруп жатат. Мага чоң эч нерсенин кереги жок, болгону тамак-ашка анан батирге чыкканга акча болсо болду эле. Калганын өзүм эптеп кете алам»,- дейт ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: 4177490160279198 (Кыргызстан банк)