2-апрелде Бишкекте «Велосезон-2023» ачылышы болот

2-апрелде «Велосезон-2023» ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылыш Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, «Ала-Тоо» аянты – «Жеңиш» сейил багы маршруту боюнча өтөт. Катышуучулар “Ала-Тоо” аянтынан саат 9:00дө башталып, сейил бакта саат 10:30да жыйынтыкталат. Веложарыштын жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт.