«2 бөлүктөн турса дейм». Аскар Салымбеков тойдун форматын өзгөртүү керек деген пикирин билдирди

Ишкер жана меценат Аскар Салымбеков социалдык тармактагы баракчаcына үйлөнүү тойдун форматын өзгөртүү керек деген пикирин жазды.

«Мен көптүн бири катары бизде өтүп аткан тойлорго көп эле барып жүрөм, ошол тойлордун ичинен үйлөнүү тоюна атайы токтолгум келип отурат. Анын форматын өзгөртүү ниетинде сунушумду айтайын деп жатам. Тойлор өз убагында башталбайт, буга өзүңөр деле күбөсүңөр. 1-2 саат зарыктырып, кеч башталат. Муну менен биз убакытты уурдатып, өзүбүздүн да, башкалардын да убалына калып жатканыбызды сезип туруп, сезгибиз келбейт.

Негизги үйлөнүү тойдун форматы 2 бөлүктөн турса дейм. Эң оболу той белгиленген убакытта башталыш керек. Биринчи бөлүгүндө тойдун салтанаттуу бөлүгүн ачып, тойду баштап алган соң, а дегенде карыяларга, ардактуу конокторго сөз берип, алардын батасын алып, каалоолорун уксак. Андан кийин сый тамак тартылып, эң улуулар бата берип, үйлөрүнө жылуу-жумшак узаса дейм. Анан антракт жарыяланып жаштардын кечеси уланса.

Экинчи бөлүктө, оюн-зоок, ыр, бийлерди уюштуруп, кечки 11:00гө чейин тарап кете тургандай болсо, тилегибиз да кабыл болуп, убакыттан да утмакпыз. Убакыт бул чоң байлык эмеспи. Антпесек, кары-жаш аралашып, орунсуз оюндарга, ашыкча тостторго, ылайыксыз ыр-бийлерге ыңгайсызданган учурлар арбып барат. Кудай буюрса, мен дагы келечекте балдарымдын, жакындарымдын үйлөнүү тойлорун ушундай форматта өткөрөюн деген оюм бар.

Бир нерсени баса белгилеп айткым келет: биз 21-кылымда, прогресс доорунда рационалдык жана прагматикалык чечимдер заманында жашайбыз. Ошондуктан кыз узатуу, нике той сыяктуу тойлор жакындардын курчоосунда үйдө эле өткөрүлгөнү туура дейм. Болбосо бул тойлор өзүнчө бир бизнеске айланып кеткендей, анын арты менен куда тосуу сыяктуу көптөгөн чыгымдар баштан ашат, кол жуудуруу, түштөнтүү, өргүтүү жана кийит, себет, кешик алмашуу. Мунун баарын кыскартып, жаштарга шарт түзүп берген туура да, мисалы, үй алып берсек, же бизнес ачканга ошол каражаттарды жумшасак, жаш үй-бүлө үчүн чоң өбөлгө болбойт беле. Тойдогу тоодой чыгымды токтотуп, орчундууларын гана орду менен жасап, ой келди чачылмайды ооздуктайлы. Саналуу гана салт менен сапаттуу, сарамжал той өткөрүүнү өлкөгө өрнөк кылалы.

Акырында айта кетчү бир кеп: жогоруда үйлөнүү тоюна карата коомчулукка болгон сунушум, пикирим Маданият министрлигине да жетип, ушул интернет талаасында талкууну жаратып, жалпы калк арасында да колдоого алынып, мындай сунуштардын арты менен башка дагы тойлордун форматын өзгөртүүгө түрткү болобу деп ишенем», — деп жазды ал.