Эртең, 23-сентябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+38;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +18…+20° жылуу болот.











