2-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн дээрлик жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 28…30° ысык болот.