Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков президентке “Эркечтам” өткөрүү пунктунун имараты ыңгайсыз жана талапка жооп бербей турганын айтты. Президент ага ыңгайлаштырып алууга эмне тоскоол болуп жатканын сурады.
«Акча жок болуп жатабы?»,— деп сурады президент.
«Каражат жок болуп жатат»,- деди ал.
«2 жылдан бери эмне кылып жүрөсүң? Келип, 2-3 ай иштегенден кийин ыңгайсыз болсо айтыш керек болчу»,- деди өлкө башчы.