Дүйшөмбү, 11.08.2025
Бишкек booked.net
+19...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«2 жылдан кийин бүтөт». Садыр Жапаров Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты

09:23 23.04.2024
0
«2 жылдан кийин бүтөт». Садыр Жапаров Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты.

«Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Кудай буюрса, эки жылдан кийин ачылышын жасайбыз. Жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат (12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан). Инженер- электриктер бөлүмүндө – 7 адис (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан). Инженердик ички коммуникациялар, желдетүү жана өрткө каршы тутум бөлүмүндө – 7 адис (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан). Инженер-конструктор – 12 адис (7 адам – Түркиядан, 5 адам – Кыргызстандан). Консультациялык топ – 6 адис (3 адам – Англиядан, 3 адам – Түркиядан).

Бул стадион эмнеси менен уникалдуу? Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон боз үй феномени түзөт. Дизайнынын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда. Борбор Азиядагы эң чоң жабык унаа токтотуучу жай 3600 унаага ылайыкталган. Анда стадион гана эмес, 35 миң м2 аянтты ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору да болот. Көпчүлүк стадиондордо болбогон ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат. «Гибриддик газон технологиясы» менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт.

Имараттын отуруучу аянты 70,000 м2.
Курулуш аянты 180,000 м2.
8 кабат, бийиктиги 70 метр.
Стадиондун диаметри 280 метр тегерек формада.
Стадиондун аянты 85000 м2.
60,000 м2 жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар бар.

Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 000 м3 көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатып алынат. Мындан тышкары, маанилүү болуп саналган жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн Кыргыз жарандары түзөт. Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалууда. Электромеханикалык иштерин жана 50 м оор блоктон жасалган чатырды колдонуу менен 7 ай ичинде аяктоо каралган. Башка иштер 6 ай бою улантылса, демек, курулуштун болжолдуу мөөнөтү 2 жылды түзөт. Каражат маселесин толугу менен төлөп бердик. Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, эки жылдан кийин бул стадион элибиздин керегине жарап, кызмат кыла баштайт», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 11.08.2025
0

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдарынын аралыгындагы 5 чакырымдык тилкеге асфальт төшөө иштери толук аяктады. Учурда жол жээктерин бекемдөө...

Кара-Балтадагы «Жунда» заводунан чыккан сары түтүн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эмне дейт?

Кара-Балтадагы «Жунда» заводунан чыккан сары түтүн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эмне дейт?

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:52 11.08.2025
0

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы катталган техникалык кырдаал тууралуу маалымдайт. Кечээ, 10-августта объекттин тышкы жылуулук алмаштыргычында агып кетүү аныкталып, анын...

Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:25 11.08.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы 7 муниципалдык аймактык башкармалык менен 2 айылдык башкармалыкка Кыргызстандын 7 облус, эки республикалык маанидеги...

АКШдан депортацияланган 25 Кыргыз жараны кайтарылды

АКШдан депортацияланган 25 Кыргыз жараны кайтарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:46 10.08.2025
0

Тышкы иштер министрлиги кечээ, 9-августта Америка Кошмо Штаттарынан Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын 25 жараны атайын каттам менен кайтарылганын маалымдайт. Аталган...

Депутат Ашимова: «Медициналык калдыктар – көңүл бурбай коюуга болбой турган маселе!»

Депутат Ашимова: «Медициналык калдыктар – көңүл бурбай коюуга болбой турган маселе!»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:39 10.08.2025
0

"Медициналык калдыктар боюнча мыйзам – биздин ден соолук үчүн маанилүү кадам". Бул тууралуу депутат Динара Ашимованын соцтармактагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

08:25 11.08.2025
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

10:35 11.08.2025
Нарында мыйзамсыз тоо кийик аткандар кармалды

Нарында мыйзамсыз тоо кийик аткандар кармалды

08:46 11.08.2025
Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

11:38 11.08.2025
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

10:35 11.08.2025
Кара-Балтадагы «Жунда» заводунан чыккан сары түтүн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эмне дейт?

Кара-Балтадагы "Жунда" заводунан чыккан сары түтүн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эмне дейт?

08:52 11.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү