2-кабатта терезени ачып, чыгып алган баланын видеосун көрдүңүз беле? Аны куткарып калган адам тууралуу маалымат

13-мартта социалдык тармактарда Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн 2-кабатында жалгыз калган бала терезени ачып, чыгып алган видео тараган. Видеодо эркек киши чыгып, үйгө терезеден киргенин көрүүгө болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, видеодогу алардын 30 жаштагы Алик уулу Дастан деген кызматкери. «Социалдык тармакта кичинекей баланы экинчи кабаттын терезесинен кулоодон сактап калган видео тараган. Видео бир нече сааттын ичинде 100 миңден ашуун көрүүгө ээ болгон. Азыр интернетте кызуу талкууланып жаткан эрдикти — Алик уулу Дастан жасаган. Ал министрликтин алдындагы Атайын байланыш кызматынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы. Министр Талантбек Иманов эрдик көрсөтүп, баланы куткарып калганы үчүн эр жүрөк Дастанды сыйлады», — деп айтылат маалыматта.