«2 мүнөттөн кийин чатыры кулады». Чүйдө милиция кызматкерлери үч баланы өрттөнүп жаткан үйдөн алып чыгышкан

Бир тууган милиция кызматкерлери үч баланы өрттөнүп жаткан үйдөн аман-эсен алып чыгышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Махабат Абдыкалыковадан бир үй-бүлөнүн өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлери үчүн ыраазычылыгын билдирген кат келген. Катта төмөндөгүлөр жазылган:

“Жакында түнкү саат 23:00 чамасында 3 кичинекей балам менен уктап жаткан учурда үйдөн өрт чыккан. Аны коңшу жашаган Улан Исаков менен Каныбек Исаков экөө үйлөрүндө жүргөндө, байкап калышып, биздин үйгө чуркап келишкен. Жакын жашаган кошуналар дагы көрүшүп, топтолушуп, бирок үйдө адам бар экенин билишкен эмес. Улан менен Каныбек үйдө киши бар экенин билишип, дарбазаны ачышат. Ошол убакта мен дагы ойгонуп кетип, тегерегимди байкасам өрттөнүп жатыптыр. Эмне кыларымды билбей, эшикке көздөй жөнөдүм. Эки жигит үйгө кирип, 4, 7, 8 жаштагы балдарымды аман-эсен алып чыгышты. Анан 2-3 мүнөттөн кийин үйдүн чатыры кулап, үй толугу менен күйүп кетти. Өз жанын аябай жардам беришкен бир тууган милиция кызматкерлери Улан Исаков менен Каныбек Исаковго терең ыраазычылыгымды билдирем».