«Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир. 2005-жылы да, 2026-жылы да төраганын негизги милдети бирдей эле: биринчи — саясий туруктуулукту камсыз кылуу, экинчи — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, үчүнчү — социалдык-экономикалык өнүгүүгө жол ачуу».
Бул текст менен мен жаш кесиптеш Марлен Маматалиевдин татаал, оомал-төкмөл саясий кырдаалда кызматка келгенин белгилеп, тарых ага жооптуу миссия жүктөгөнүн айтып, ага ийгилик каалагам. Бирок тырмакчага алынган эки сөз бүт тексттен да көп талаш жаратты. Ошондуктан муну тактап коюуну зарыл деп эсептейм. Мага коюлган дооматтын маңызы — Текебаев Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду деп саясий куугунтуктоого жол ачып берди деген айыптоо.
Алгач тил эрежелерине кайрылалы. Кыргыз тилинин окуу китептеринде тырмакчанын негизги милдети — сөздүн түз эмес, өзгөчө (кыйыр, шарттуу же баалоочу) мааниде колдонулганын көрсөтүү экени так белгиленген. Бул — жалпы лингвистикалык мыйзам ченемдүүлүк. Башкача айтканда, тырмакча — бул жөн гана тыныш белгиси эмес, ал сөздүн маанисин өзгөртүп, автордун позициясын билдирген тилдик курал.
Менин постумдагы тырмакчалар — бул ырастоо да эмес, юридикалык баа да эмес. Бул — кырдаалды шарттуу, публицистикалык аталыш менен берүү ыкмасы. «Удачный госпереворот» же «неудачный госпереворот» деген формулировкалар фактты түз констатациялоо эмес. Бул — татаал саясий кырдаалды кыскача жана түшүнүктүү жеткирүүгө жардам берген ирониялык, жалпыланган формула. Башкача айтканда, бул жерде тырмакча атайын колдонулган: ал сөздөрдү бөлүп көрсөтүү менен бирге алардын түз эмес, шарттуу жана баалоочу мааниде айтылганын билдирет.
Жазма текстте интонация, пауза же эмоция көрүнбөгөндө, дал ушул тырмакчалар автордун сөздүн түз маанисинен алыстап турганын билдирген белги болуп калат. Бирок Зигмунд Фрейд айткандай, ар ким өз каалаганын, кээде ички ниетин көрөт. Бук болуп айта албай жүргөнүн төгүп-чачып алат. Жүзүн ачып алат. Момент келди деп капталдан качырып каап алат. Постту окубай эле талашка катышкандарга капалык жок — алар кечиримдүү. Кеп бул сөздөрдү контексттен ажыратып, атайылап башкача мааниге бурмалап жаткандар жөнүндө.
Айрым дооматтарда «күнөөсүздүк презумпциясы» бузулду деген пикирлер айтылууда. Бирок бул түшүнүк бул жерде туура колдонулган жок. Күнөөсүздүк презумпциясы — бул юридикалык принцип. Ал конкреттүү адамга карата, конкреттүү кылмыш боюнча айып коюлуп, иш тергөө жана сот процессинин алкагында каралганда гана колдонулат.
Башкача айтканда:
• субъект — конкреттүү адам болушу керек;
• предмет — конкреттүү кылмыш курамы болушу керек;
• процесс — укуктук чегинде жүрүшү керек.
Ал эми саясий же тарыхый окуяларга баа берүүдө:
• конкреттүү адам көрсөтүлбөсө;
• конкреттүү кылмыш жөнүндө сөз жүрбөсө;
• укуктук квалификация берилбесе —
анда күнөөсүздүк презумпциясын колдонуу мүмкүн эмес.
Ошентип, менин сөздөрүмдө:
• эч кандай юридикалык баа жок;
• эч кандай конкреттүү адамга айып тагуу жок;
• болгону татаал саясий кырдаалга шарттуу, ирониялык мүнөздөмө берилген.
Менин сөздөрүмдү дал ушундай мааниде кабыл алууну өтүнөм.