«2-сентябрь күнү арызыңарды жазып келе берсеңер болот». Садыр Жапаров министрликтерге кайрылды

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу министрликтерге кайрылды.

«Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, «Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң» деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. «Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз» дегендер деп билебиз»,- деп жазды ал.