20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6°.
Бишкек шаарында түштөн кийин жаан жаайт. Түнкүсүн 8…10, күндүз 20…22° жылуу болот.