Эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.