Гүлайым Жумабаева Орусияга 18 жыл мурда уулу Асмандын ден соолугун көрсөтүү үчүн келип, аталган өлкөдө калып калышкан. Ал 18 жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кароолчу болуп эмгектенип, тар бөлмөдө уулу экөө күн кечирип келишет.
«Мен Ноокаттын кызымын. Үй-бүлөдөгү кыздардын улуусумун. Тыкылдаган алдыңкы кыздардан болчумун. 1988-жылы окуудан каникулга барганда ала качып кетишкен. Кайра ЖОЖго келип, күйөөмө барбай койгом. Ошол окуя мени жашоо нугумдан чыгарып жиберди. Кайра калыбына келиши оор болчу. Ал учурда 20 жашта элем. Жашым өтө баштады. Жашоом ойдогудай болгон жок. 33 жашымда саргарып күткөн уулдуу болдум. Атасы экөөбүз балам төрөлгүчө эле эки жолго түшкөнбүз», — деди ал.